Быйыл Баткен шаарын көрктөндүрүүгө 310миң сом жумшалат

0
387

Бул тууралуу “Салам Медиага” шаардын вице-мэри Мансур Маматисаев билдирди.

Маматисаевдин маалыматында, шаардын борбордук көчөлөрүн, парктарын  көрктөндүрүү, гүл отургузуу иштерин жүргүзүү үчүн мэриянын алдында атайын жашылдандыруу ишканасы түзүлгөн. 

Ошондой эле вице-мэр былтыркы көрктөндүрүү иштеринин кеч башталганына тендерге эч ким катышпай калгандыгы себеп болгонун белгилеп, быйыл көрктөндүрүү иштери кечикпейт- деп ишендирди

Маалыматка ылайык, быйылкы көрктөндүрүү иштеринин алкагында шаардын И.Раззаков көчөсүнө 300 түп кызыл клен дарагы отургузулду, мындан сырткары дагы 200 түп көчөт буюртма берилип, ошондой эле 2300 даана гүлдөр отургузулду. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here